Бишкекте “алыш” бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Автор

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Алыш” бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Гран-При” эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Украина, Индия жана Нидерландыдан келген 120дан ашык спортчу катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:
эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг;
кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.
Эскерте кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.
Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн сом.
Беттештер УТРК спорт теле каналында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте өзгөчө эстелик пайда болду

Бишкектин “Ынтымак” сейил багында “Ы тамгасы” өзгөчө эстелиги пайда болду Арт-объект QR — код менен жабдылып, «Ынтымак» паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, орусча-кыргызча сөздүктү ала алышат. Маалымат эки тилде: мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат. Маалымат үчүн: белгилүү советтик […]

Сизге жагышы мүмкүн