Бишкекте Алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт

Автор

Бишкекте Алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 26-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Турнирге республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекесине арналып, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Алыш бел боо күрөшү боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында катышат:
Эркектер: 60, 70 , 80, 90, 100, +100 кг;
Кыз-келиндер: 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 22-ноябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 55 тыйын болсо, сатуу 86 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн