Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчилик 10-12-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
кыз-келиндер арасында (эркин жана классикалык стиль) — 55, 60, 65, 70, 75, +75;
эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль) — 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг.
Жаштар арасында:

кыздар (эркин стиль) — 40, 45, 50, 55 кг;
балдар (эркин стиль ) — 50, 55, 60, 65, 70 кг.
Белгилей кетсек, аталган чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана КРнын Алыш белбоо күрөшү боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Олжас Бектеновду премьер-министрликке дайындоону Мажилиске (парламенттин төмөнкү палатасы) сунуштады. Өлкөнүн парламенти анын талапкерлигин жактырды. Токаев жаңы премьер-министрди дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Аталган кызматка 43 жаштагы Бектеновдун талапкерлигин президентке бийликтеги «Аманат» партиясы сунуштаган. 2023-жылдын апрелинен тарта Олжас Бектенов президенттик аппаратты, ага чейин Юстиция министрлигинде Коррупцияга каршы […]

Сизге жагышы мүмкүн