Бүгүн 18-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «Алтын-Күз» жармаңкеси өтүүдө.
18-20-октябрга чейин өтө турган көргөзмөдө айыл чарба техникасынын үлгүлөрү, асыл тукум малдын породалары жана заманбап агротехнологиялар коюлган. Ошондой эле катышуучулар ветеринардык дарылар, жаңы үрөндөр жана көчөттөр менен тааныша алышат.
Быйыл 300дөн ашык ата мекендик жана чет элдик фирмалар катышууда, бул былтыркыга салыштырмалуу 200гө жакын катышуучу болгон.