Бүгүн, 31-октябрда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянты унаалардын өтүүсү үчүн жабылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайыке, жол кыймылын чектөө Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүгө байланыштуу киргизилди.
Жол кыймылын чектөө 1-ноябрь саат 12:00гө чейин созулат.
Ошентип, Чүй проспектиси Тоголок Молдодон Абдрахманов көчөсүнө чейин жабылды.
“Айдоочуларды жана шаардыктарды кырдаалга туура түшүнүп, жол жүрүүнү алдын ала пландаштырып алууга чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.