5 – март күнү Улуттук тарых музейинин алдында кыргыздын улуттук баш кийими “Ак калпак” күнүнө карата салтанаттту иш чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш- чара алгач саат 10:00дө Тоголок- Молдо /Чүй проспектисинен “Ала- Тоо” аянтына чейин катышуучулардын жүрүшү менен башталат.
Салтанаттуу иш- чаранын алкагында ак калпактардын көргөзмөсү уюштурулуп, манас айтылып, жаш акындардын ата мекенге жана ак калпакка арналган ырларын окуп, төкмө акындардын катышуусу менен кыргыз ак калпагы даңазаланат.
Иш- чаранын расмий бөлүгү саат 10:30 башаталат.