1-февралга чейин Бишкектин Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө “акылдуу” чол чырактар иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аталган көчөлөрдүн 21-кесилишинде долбоор пилоттук режимде ишке ашырылууда.
Келечекте мындай жол чырактар шаардын борборундагы 100 кесилишке орнотулат. Андан кийин борбордо 370 көчөнүн кесилишинде пайда болот.