Бүгүн 18-октябрда айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү өтүп жатат.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү катышууда.
Бул тармакка жалпы 68 ар түрдүү техника берилди. Анын ичинен 40 жеңил унаа, 28 оор техника өз ээлерин тапты.
Атайын техникалар Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө жеткирилет.