Гүл жана жасалга өсүмдүктөр лабораториясында Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактан билдиришти.
Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Он экинчи апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.