Бишкекте “Азербайжан маданиятын таанытуу” күндөрү өттү

Автор

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Азербайжан маданиятын таанытуу” күндөрү өттү.
Анда коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, элчилер Азербайжан элинин салт-санаасы, тарыхы жана үрп-адатынан кеп козгоп, жалпы маданияты тууралуу айтып беришти.
Иш-чаранын алкагында «Деде Коркут», «Долу» жана «Ферят» аттуу Азербайжан тасмалары көрсөтүлүп, белгилүү түрк журналисти Сейфуллах Түрксой жазган «Гейдар Алиев эскерүүлөрдүн нурунда» аттуу китептин бет ачары болду.
Жибек Жолу коомдук фондунун президенти Сейфуллах Түрксой да түрк дүйнөсүн жакындаткан маданият экендигине токтолуп, Азербайжанда искусство, маданият, музыка, сүрөт жана кино өнөрү абдан өнүккөндүгү менен бай казына экендигин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент эне тилинде каалоо айтты

Садыр Жапаров Татарстандагы “Келечек оюндары” турниринин катышуучуларына кыргызча каалоо – тилегин айтты. Ага орус президенти микрафон сунган. “Урматтуу турнирдин катышуучулары! Спорт дүйнөнүн элчиси. Спорт бул – ден соолуктун булагы деп жөн жеринен айтылган эмес. Ошондуктан, баарыңыздарга ынтымак, ден соолук каалайбыз. Спортто дайыма күчтүүңөр жеңет. Күчтүүңөр жеңгиле, баарыңыздарга ийгилик каалаймын”,- деди […]

Сизге жагышы мүмкүн