Бишкекте автоунааларга кытайда чыккан катализаторлор орнотула баштады

Автор

Бишкек мэриясы Кытайлык Циндао институту сунуштаган катализаторду сынап баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Эксперимент үчүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулунун унааларына катализаторлор орнотулган. Экологдор алгач аталган транспорттон чыккан газды текшерип алышкан, эми катализатордун таасири сыналат.
Буга чейин Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлорун массалык түрдө алмаштыруу каралып жатканы айтылган. Алар Кытайдан алынып, баасы 4 миң 800 сомдон 6 миң 900 сомго чейин болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Мирзиёев Ислам Каримовду эскерди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-январда өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун туулган күнүндө Ташкенттеги анын эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага биринчи президенттин жубайы Татьяна Каримова, Олий Мажлистин палаталарынын өкүлдөрү, президенттик администрация, өкмөт мүчөлөрү жана коомчулуктан өкүлдөр катышты. Иш-чарада Курандан сүрөлөр окулуп, дуа кылынды. Катышуучулар […]

You May Like