Бишкекте автобус жана троллейбустар электрондук төлөмгө өттү

Автор

Борбор калаада муниципалдык автобус жана троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт. Эми төлөмдөр электрондук негизде «Тулпар» картасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын акциянын алкагында 20-августтан 30-сентябрга чейин жүргүнчүлөр Тулпар стандарттык транспорттук картасын айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

Жүргүнчүлөр үчүн электрондук төлөмдөрдүн бир канча түрү бар:

 

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— Виртуалдуу NFC картасы;

— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Мектеп картасын алуу үчүн мэриянын сайтынан онлайн режимде арыз калтыруу керек же мектеп администрациясы аркылуу онлайн тапшырса болот. Картанын баасы 50 сом (баланста 11 сом). Арыз калтыруу үчүн https://www.tulpar-card.kg/schoolcard шилтемеси аркылуу өтүңүз.Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн жана окуган жеринен маалымкат жүктөө керек.

Картаны сатып алгандан кийин мектеп картасын туташтыруу үчүн төмөнкүлөр керек:

-Тулпар мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз

-катталуу

– картаны өзүңүздүн жеке эсебиңизге байланыштырып, балансты толтуруңуз

– Жол картасынын «жүргүнчү» бөлүмүнөн сатып алыңыз.

Даяр картаны «Тулпар» тейлөө борборунан алсаңыз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин районунда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Бүгүн, 21-августта № 26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Шайлоо өнөктүгү 9-сентябрга чейин уланат. БШКдан билдиришкендей, шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде тѳмѳндѳгү  23 талапкерлер катталды: Алмаз уулу Аскар; Какчекеев Токтогул; Искаков Эртай […]

Сизге жагышы мүмкүн