Бишкекте автобус айдаган 30 кызматкер жумуштан алынат

Автор

Бишкекте муниципалдык автобустарды айдаган 30 айдоочу жумуштан кетет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар жол эрежесин одоно бузуп, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган жол чырактардан өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка эреже бузгандыгы калаа башчы Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустардын айдоочулары менен жолугууда айтылды.
Анда жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү берди.
“Жол эрежелерин сактоо керек. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо”, – деди Жунушалиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого канча акча кетээри айтылды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-ноябрга дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын сайтында жазылууда. Маалыматка ылайык, 495 718,4 миң сом суммасындагы чыгымдардын сметасында мамлекеттик бюджеттен каржылануучу иш-чаралар камтылган. «201 880,6 миң сом – шайлоону уюштурууга: маалымдоого, комиссияларды окутууга, […]

Сизге жагышы мүмкүн