Бишкектен 100 троллейбус Ош шаарына берилет

Автор

Бишкектин мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландоодо. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди.
Документте айтылгандай, Ош шаарына бериле турган троллейбустар 2001-2018-жылдар аралыгында ишке берилген. Алардын айрымдарынын иштеп жатканына 15 жылдан ашты. Ал эми троллейбустун иштөө мөөнөтү 20 жылдан ашпаш керек.
Ошол эле учурда, мэрия 100 троллейбустун ордуна Бишкекке 120 электр автобус келерин, мындан улам борбор калаада элди ташууда маселе жаралбайт турганын билдирет. Аталган электр автобустар 2025-жылдын экинчи кварталында келет.
Белгилеп кетсек, азыркы тапта Бишкекте күнүнө 115-125 троллейбус каттамга чыгууда.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО: Украинанын альянска кириши Россия менен согушка алып келет

НАТОнун аскерий комитетинин башчысы Роб Бауэр The Washington Post гезитине берген маегинде Украина азырынча альянска мүчө боло албай турганын, анткени бул аскерий-саясий блок менен Россиянын ортосунда түз согушка алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Ал Украина мамлекети жаңжал абалында экенин эске салды. Адмиралдын айтымында, эми Киев Түндүк Атлантика альянсына кире албайт, […]

Сизге жагышы мүмкүн