Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат

Автор

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, учур талабына жараша мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет.
“Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарынын ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн кылып жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик», — деди Айбек Жунушалиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик кызматкерлерге кумар оюндарына тыюу салган мыйзамга кол коюлду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кумар оюндар жана лотерея иштери боюнча мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү мыйзамына кол койду. Эми мамлекеттик кызматкерлер, аскер кызматкерлери, атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бюджеттик уюмдардын жетекчилери да кумар оюндарын ойной алышпайт. Бул чектөөнү сактабагандар иштен бошотулат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн