Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 11-июндан тарта Сеул — Бишкек — Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда.
Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат — учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде.
Үзгүлтүксүз каттамдар Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу аткарылмакчы.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.