Бишкектеги 37 мектепте жайкы лагерлер ачылат

Автор

Бишкектеги 37 мектепте жайкы лагерлер ачылат
Бишкек шаарында 3-июндан 28-июнга чейин борбордун 37 мектебинде 4 миң 275 баланы камтыган жайкы мектеп лагерлери уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.
Мындан тышкары июль айында окуунун отличниктери жана активисттери, ошондой эле аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат.
Ошондой эле шаарда балдардын чыгармачылык борборлору ачылып, каалоочулар ар кандай ийримдерге, секцияларга катыша алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

2036-жылкы Олимпиада оюндары Катарда өтөт

2036-жылы жайкы Олимпиада оюндары өтө турган жер белгилүү болду. Катардын борбору Доха Олимпиаданы кабыл алат. Учурда Катар менен Эл аралык Олимпиада комитети акыркы деталдарды макулдашып жатышат. Буга чейин 2028-жылкы оюндар Лос-Анжелесте өтөөрү белгилүү болгон. 2032-жылкы Олимпиаданы Австралиянын Брисбен шаарында өткөрөт. Катар Доха он жылдан ашык убакыттан бери дүйнөлүк ири иш-чараларды […]

Сизге жагышы мүмкүн