Бишкектеги №21 тергөө абагы Ысык-Атага көчүрүлөт

Автор

Бишкектеги №1 СИЗО жылдын аягына чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди.
Анын айтымында, учурда курулуш түшө турган жер тилкеси аныкталып, даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.
Садыков кошумчалагандай, өткөн жылы Жалал-Абад облусунда жаңы тергөө изолятору курулуп, ишке берилсе, Караколдогу жана Оштогу тергөө абактарын жаңыртып, көчүрүү пландалып жатат. Учурда жаңы имарат курууга жер тилкелер каралып жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Учак кулаган жерден төрт адамды суудан чыгарышты

Вашингтондогу Рейган атындагы аэропорттун жанындагы Потомак дарыясында куткаруу операциясы жүргүзүлүп, суудан төрт адам чыгарылып, алар ооруканага жеткирилди. Кырсыкка учураган учактын бортунда 64 адам болгон. Алардын ичинен 60ы жүргүнчү, 4ү экипаж мүчөлөрү экенин авиакомпания билдирди. 29-январда саат 21:00дө American Airlines үчүн каттам аткарган PSA Airlines авиакомпаниясынын Bombardier CRJ700 учагы конууга аракет […]

You May Like