Бишкектеги “Тунгуч” театры жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылды

Автор

Бишкектин борборундагы тарыхый эстеликтин катарына кирген объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, баасы 317 млн. 106 миң сом же 3 млн. 750 миң долларды түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
Совет доору кулагандан кийин, менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат, ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды.
Акыркы кезде бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.
Мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 23-сентябрда уюштуруучу жана ээси катары Ч.В.С. «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында Нетаньяхуну Гитлерге салыштырды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча кескин сын айтты. Түрк лидери Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну сынга алып, аны Адольф Гитлер менен салыштырды. «Эл аралык коомчулук Израилдин аракеттеринен палестиналык жарандарды коргоо механизмин иштеп чыгышы керек. 70 жыл мурда Гитлерди адамзат союзу токтоткон сыяктуу […]

Сизге жагышы мүмкүн