Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-июндагы жалпы жыйынында ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу маселе көтөрүлүп, өкмөт мүчөлөрү жана шаар бийлигинин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Депутат Марлен Маматалиевдин маалыматына караганда, Бишкектеги суу тартыштыгын чечүү үчүн бюджеттен 100 млн сом бөлүү керек. Депутат шаар бюджетинде мындай акча жок болгондуктан реалдуу чечим издөөнү сунуштады.
«Азыр биз суу маселесин талкуулап койсок эле маселе чечилип калбайт. Эң аз дегенде төрт жерден суу чыгаруу үчүн бюджет бөлүнүшү керек деп сурашкан. Мэрияда акча жок. Азыр парламент бюджет маселесин чечип берип коёлу, тийиштүү акча бөлүнсүн. Менин билгениме караганда, 100 миллион сомдон 400 млн сомго чейин акча керек«, — деди депутат.