Бишкек шаарында 11-16-апрель күндөрү спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда чемпионатка катышуу үчүн Азиянын 30дан ашык мамлекеттин өкүлдөру катышат.
“Чемпионатка Кыргызстандан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышат”, — деди ал.