Бишкектеги орточо маяна 44 миң сомду түздү

Автор

Быйыл июнь айында Бишкекте орточо айлык акы 44 миң 73 сомду (499,3 доллар) түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, орточо айлык акы Астанада 1028,6 долларды, Москвада 1578 долларды, Минскиде 875,1 долларды түздү.

“Июль айында ЕАЭБдин башка борборлоруна караганда Бишкекте сатып алуу жөндүмү төмөн болгон. Бул орточо айлык акынын төмөндүгүнө байланыштуу”, – деп айтылат маалыматта.

Мисалы, Бишкекте орточо айлык акыга 800 килограммдан ашык ун келсе,  2121,4 килограммга көп ун сатып алууга мүмкүн. Астана шаарында бир айлыкка 3 тонна, ал эми Бишкек шаарында дээрлик 900 килограмм картошка сатып алууга болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-август күнү саат 19:54дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында – 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында – 4 […]

Сизге жагышы мүмкүн