Бишкектеги онлайн-окуу чечими өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат

Автор

Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан окуу сабактары онлайн форматта чыгуу боюнча 2024-жылдын 2-февралдагы буйрук өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2024-жылдын 2-февралынан 6-февралына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде борбордун бардык мектепке чейинки жана муниципалдык билим берүү уюмдары онлайн окутууга өткөрүлгөн.
Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө карабай, автономдуу эркиндик берет. Эгерде бөлмөдөгү жылуулук 18 градустан жогору болсо, анда окуу жайдын жетекчилиги өз алдынча чечим кабыл ала алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 5-февралга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.72 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 32 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн