Бишкектеги мектепте бомба изделүүдө. Окуучулар эвакуацияланды

Автор

Борбор калаанын Ленин районундагы №13 мектепте укук коргоо жана атайын кызматтын кызматкерлери жардыргыч затты издеп жатышат. Бул тууралуу Ленин РИИБнин маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, мектепке жардыруучу зат коюлган делген билдирүү бүгүн, 3-сентябрда келип түшкөн. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.
Учурда тиешелүү издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитети Жаратылыш ресурстары министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бүгүн, 3-сентябрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин колдоду. Аны кызматка дайындоо боюнча президенттин сунуштамасы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Медер Машиев 1970-жылы Ош облусунун Жаны-Арык айылында туулган. Казак ССРинин Жамбул шаарындагы жеңил жана […]

Сизге жагышы мүмкүн