Бишкектеги Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Автор

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоону 8-июлдан тарта улантат.Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат.
«Бүгүнкү күндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери Гоголь көчөсүнүн темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүүдө. Түтүктөрдү алмаштыруу иштерин улантуу үчүн 8-июлдан тарта Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкени жабуу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.
“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы жарандарды маршрутту алдын ала пландаштырып, келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Салт билбегендик жоопкерчиликтен куткарбайт

26-июнда Баласагын атындагы Улуттук университетте “Кыргыз традициялары: тарыхый мааниси жана заманбап укуктук жагдайлары” аталган кереге кеңеште үлкөн маселелер талкууланды. Кереге кеңеш медиа мейкиндикте супсак баяндалып, резонанс жарата албады. Ошол форумдун демилгечиси катары ага катышкан жана окуядан кабары бар адамдар форумдун жыйынтыгы аныгында жемиштүү болгонун белгилешти. Биринчиден, илимпоз тарыхчылар, адабиятчылар, юристтер […]

Сизге жагышы мүмкүн