Бишкектеги атышуу: Жаракат алгандардын абалы айтылды

Автор

10-октябрдагы атышуудан жаракат алгандар учурда жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жаракат алгандарга операция жасалган.
Ал эми жаракат алган С.Э. Клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат, операциядан кийинки абалы оор бойдон калууда. Диагнозу: санына ок тийген.
Экинчи бейтап Улуттук хирургия борборунун реанимация бөлүмүндө жатат, операциядан кийинки абалы туруктуу жана оор. Диагнозу: көкүрөк жана ич көңдөй жарааты.

Эске сала кетсек, 10-октябрда 7-кичи райондогу бокс залында атышуу болгон. Андан бир киши каза таап, экөө жаракат алган. ИИМдин маалыматында ок эки өнөктөштүн ортосундагы чырдан кийин атылган.
Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бороон океанга агызган адам куткарылды

АКШнын Жээк коопсуздук кызматы “Милтон” бороонунун айынан жээктен 48 чакырым алыстыкка муздаткычта калкып жүргөн кишини куткарганын билдирди. Майамидеги аба базасынан учкан тик учактын экипажы бейшемби күнү Лонгбоут-Киден 30 чакырымдай алыстыкта эркек кишини куткарды. Аба кемесинин экипажы муздаткычка жабышып, куткаруучу желекченин жардамы менен аман калган кишини Тампа шаарынын ооруканасына дарыланууга алып […]

Сизге жагышы мүмкүн