Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда фонтандарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Эскиздик долбоор боюнча аянтта өзгөчө музыканын коштоосундагы оргуштаган фонтандар курулат.
“Аянтта учурда эски фонтандар демонтаждалып, жаңы фонтандарды орнотууга даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле аянттагы брусчаткалар алынып, гранит таштары басылат”, — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров.
Эске салсак, жүргүзүлүп жаткан иштер шаардыктар жана келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.
Кыргызстандык окуучулар Авиценна олимпиадасында 7 медаль жеңип алышты
Ише Июн 15 , 2024