Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөм 40 сом болушу мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев Бишкек шаардык кеңешинин үч туруктуу комиссиясынын биргелешкен жыйынында билдирди.
«Накталай төлөм 20 сом, накталай эмес төлөм 17 сом болгондуктан, жарандар накталай эмес төлөмгө өтпөй жатышат. Талкуу, талдоо аяктагандан кийин долбоорду Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизебиз», — деди ал.
Уланбек Бейшенбаев ошондой эле шаарда күнүнө 1200 автобус каттаарын билдирди.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын октябрынын башында Бишкек мэриясы жол кире акысын накталай төлөм менен көтөрүүнү сунуштаган.
Исхак Масалиев Лениндин эстелигин алууга шашылбай турууга чакырды
Бей Янв 16 , 2025