Бишкекке Кытайдан газ кыймылдаткычтуу 25 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дагы 25 автобус чек арадан өтүп жатат.
Экологиялык автобустан 2023-жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.
Ошондой эле Кытайдын «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.