Бишкекте Пакистандын тышкы иштер министри студенттерден кабар алды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушуп, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.
«Бул кризис эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана өз ара ишенимин сынады. Биз эки өлкөнүн дагы да жакындашуусуна эффективдүү чараларды көрүү үчүн бардыгын жасашыбыз керек», — деди Эдил Байсалов.
Ал пакистандык кесиптешин Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болооруна, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылаарына ишендирди.
Маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдар белгиленип, эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

"Туман болгон эмес": Тик учак кырсыгынын чоо-жайы белгилүү болду

Иранда өлкө президенти Ибрагим Раиси болгон тик учактын кыйрашынын жаңы чоо-жайын ачыктады. Ирандын президенттик администрациясынын башчысы Голам-хоссейн Эсмаили журналисттерге кеменин кыйрашынын жагдайлары жана андан кийинки окуялар тууралуу айтып берди. Ал президенттин тик учагы менен бара жаткан эки тик учактын биринде болгон. Эсмаилинин айтымында, учуу маалында аба ырайы нормалдуу болгон. Кырсык […]

Сизге жагышы мүмкүн