Бишкекке метро куруу маселеси көтөрүлдү

Автор

Бишкектеги унаа тыгыны күчөп жатканын айткан Жогорку Кеңештин депутаты Аслан Малиев метро курууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Депутат Аслан Малиев борбор калаада унаа тыгындары аябай көп болуп жатканын айтып, мындай тыгындар жолдордун оңдоп -түзөөсүнө байланыштуу эмес экенин билдирди.
“Президент учурда жакшы иштерди кылып жатат. Бирок, эл деген эл экен да. Эми метро салынса, деген ойлорун айтышууда. Менимче, сырткы инвесторлорго 30-40 жылга берип, өзүң иштет, андан кийин мамлекетке өткөрүп бересиң десек болот. Минкаб ушул маселени карап көрсүн, протоколдук тапшырма берели”,-деген сунушун киргизди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кант диабети бар экенин кантип биле аласыз?

Кант диабети бар экенин кантип биле аласыз? Кант диабеттинин негизги белгилери: -кургак былжыр чел, чаңкоо; -тез-тез заара кылуу; -капыстан арыктоо же, тескерисинче, семирүү; -бүдөмүк көрүү; -баш айлануу; териде жаралардын пайда -болушу; иштин начарлашы, тез-тез жугуштуу оорулар; -уйкусуздук, тез-тез чарчоо, -табиттин жогорулашы. Кант диабети менен эмне кылуу мүмкүн эмес? Кант диабетинин […]

Сизге жагышы мүмкүн