Бишкекке жыл аягына чейин дагы 624 автобус алынып келинет

Автор

Бишкекке ушул жылдын аягына чейин дагы 624 автобус алынып келинет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинен 500 автобус республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынса, 124ү Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы аркылуу алынып келинет.

Эске сала кетсек, өткөн жылы Бишкек мэриясы кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd. компаниясынан 1 млрд сомго автобустарды сатып алган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстанга автобустардын биринчи партиясы 2022-жылдын январь айында келе баштаган. Азыркы учурда 300гө жакын автобус алынып келинди.

Бөлүшүү:
Next Post

Баскетбол  тууралуу кызыктуу фактылары

Баскетбол – бул эң мыкты топ оюну гана эмес, ошондой эле  абдан жайылган, популярдуу  спорт болуп саналат. Баскетболдун тарыхында сиз укпаган учурлар көп болгон. Баскетбол көп чыдамкайлыкты, күчтүү командалык духту жана оюнчудан атаандаштарын жеңип, оюнда жеңишке жетүү үчүн көп жөндөмдү талап кылат. Спорттун түрү катары баскетболдун башталышын карап чыгуу жана […]

Сизге жагышы мүмкүн