Бишкекке газ кыймылдаткычтуу 50 автобус алынды

Автор

Бишкекке Кытайдын «Zhongtong bus Holding Co., LTD» заводунан газ кыймылдаткычтуу 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясы келе жатат.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.

Ошондой эле «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Ал ортодо Бишкекке келчү жаңы автобустар үчүн автопарктын курулушу кызуу жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен «Zhongtong bus Holding Co., LTD» LCK6105 моделиндеги менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Бул долбоор министрлер кабинетинин жана Кыргыстандын президентинин Кытайга (КЭР) колдоосунда Бишкек шаарынын калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишкананын кыймылдуу курамын жаңыртуу жана транспорт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Бишкек шаары үчүн «Zhong Tong Bus» компаниясында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

12-августта күтүлгөн аба ырайы

12-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал -Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге […]

Сизге жагышы мүмкүн