Бишкекке автобус алууга бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн

Автор

Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинети тарабынан 2023-жылга Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3 млрд 806 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

Ошол эле учурда 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргыз Республикасына 86,5 млн АКШ долларына 1000 даана автобустарды камсыздап берет. Анын ичинен 500ү 2023 жылы, калган 500 автобусту 2024-жылы алып келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги келишимге жана графикке ылайык 4 513,8 млн сом каржылады.

Мындан тышкары, “2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландаштыруу мезгили жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорунда Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 4 339,2 млн сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 1 164,9 млн сому бажы төлөмдөрүнө, калган 3 174,3 млн сому келишимден калган сумма.

Бөлүшүү:
Next Post

Германиянын президентин Катар делегациясы жарым саат күттүрдү

Дохада Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер учакта тосуп ала турган Катар делегациясын жарым сааттай күткөнү белгилүү болду. Күтүүнүн себеби учактын белгиленген мөөнөттөн эрте келгени экени айтылды. Жарым сааттык күтүүдөн кийин учакка кабыл алуучу өлкөнүн өкүлү, Катардын тышкы иштер мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль Мурайхи келди. Франк-Вальтер Штайнмайер 7-октябрда ХАМАС тарабынан […]

Сизге жагышы мүмкүн