«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электриктер талап кылынат. Муниципалитеттен билдиришкендей, адистер төмөнкүдөй талаптар менен кабыл алынат:
18 жаштан 27 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жараны;
тажрыйбасы бар жана тажрыйбасы жок;
жаман адаттар жок;
пунктуалдык жана жооптуу.
Белгилей кетсек, айлык акы 25 миң сомдон жогору. Бардык талапкерлердин жанында туура байланыш номерлерин көрсөткөн резюмеси болушу керек.