Бишимбаев жана Байжановдун даттануулары четке кагылды

Автор

Астана шаарынын соту Казакстандын улуттук экономикасынын экс-министри Куандык Бишимбаев жана анын бир тууганы Бахытжан Байжанов тууралуу апелляциялык даттануулар боюнча чечим чыгарды. Анда биринчи инстанциянын өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды.
Сот Шынар Ергалиеванын айтымында, биринчи инстанциянын өкүмү мыйзамдуу жана негиздүү болгон. Бишимбаевдин коргоо тарабынын сот курамынын түзүлүшүндө мыйзам бузуулар болгон деген жүйөлөрү тастыкталган эмес.
Бишимбаевдин коргоочулары биринчи инстанциядагы жараянда көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен. Байжановдун коргоочулары да өкүмдү негизсиз деп эсептеп, жокко чыгарууну суранышкан.
«Менин күнөөмдүн аздыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул тууралуу мен сотто бир нече жолу айткам. Бизге көп материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Чындык, эч кимге керек эмес экен. Мен түшүндүм»,-деди сотто Бишимбаев.
Салтанат Нукенова же Бишимбаевдин жарандык аялынын өлтүрүлүшү боюнча угуулар Астанада 13-майда аяктады.
Сот мурдагы министрди Нукенованы кыйноо жана өлтүрүү боюнча күнөөсүн далилденген деп эсептеп, 24 жылга абакка кескен.

Бөлүшүү:
Next Post

“Бүтүн Кыргызстандын” лидери парламентти сынга алды

Ал Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзам долбоорлорун, токтомдорду талкуулабай эле кабыл алынып жатканын сындап, “Башмыйзам боюнча парламенттин 2-3 эле функциясы бар. Улуттук банктын төрагасынын отчётун угуу биздин милдетибиз. Мурда Жогорку соттун отчётун да укчубуз. Кийин аны да алып салышты. Парламенттин укуктары азайып эле баратат. Депутаттардын оозун жапканды токтотпосо болбой калды. Беш […]

Сизге жагышы мүмкүн