Бишимбаевдин абактан качканы төгүнгө чыкты

Автор

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жарандык жубайы Салтанат Нукенованы кыйноо иши боюнча 24 жыл эркинен ажыратылган, азыр дагы жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу Tengrinews Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жазаларды аткаруу комитетине шилтеме берип маалымдады.
«Социалдык тармактарда соттолгон Куандык Бишимбаевдин качканы тууралуу жалган маалыматтар таралууда. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул соттолгон адам максималдуу коопсуздуктагы мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жатат»,-деп билдирди мекеменин өкүлдөрү.
Ошондой эле алар Бишимбаевдин колониядан качканы тууралуу жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун айтышты.
Буга чейин AIRAN телеканалынын казакстандык журналисттери 10-ноябрда Бишимбаевдин колониядан жоголгону тууралуу кабарлашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Добуш сатып алууга бөгөт коюлат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо добуш сатып алууга бөгөт коюу тапшырмасын берди. ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер министрлигинде алдыдагы шайлоолор боюнча онлайн кеңешме болуп, анда министр милиция жетекчилерине добуш сатып алууга, шайлоочуларды ташууга, документтерди бурмалоого, эл арасында чагымчыл маалыматтарды таркатууга жана […]

Сизге жагышы мүмкүн