Бир суткада Ливандан 4 миңден ашуун адам кетти

Автор

Ливан аймагынан Сирия чек арасын сутка ичинде 4 миңден ашуун адам кесип өттү. Бул тууралуу Сирия Араб Республикасынын каршылашкан тараптарды элдештирүү боюнча Орус борборунун жетекчисинин орун басары, биринчи рангдагы капитан Олег Игнасюк билдирди.
“Бир сутка ичинде Ливан аймагынан өткөрүү пункттары аркылуу Сирия Араб Республикасынын чек арасын 4 358 адам кесип өттү”,-деди Игнасюк.
Ошондой эле ал орус борборунун өкүлдөрү тарабынан сутка ичинде бир нече аймактарында беш гуманитардык иш-чара өткөрүлгөнүн белгиледи. Жалпы салмагы 9,7 тоннадан ашкан 980 азык-түлүк топтому таратылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 1-ноябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 80 тыйын болсо, сатуу 86 сом 10 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн