Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
ӨКМ элди сак болууга чакырып, кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине чалууну өтүндү. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.
Катуу шамал учурунда:
— Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— Көз айнек кийиниз.