Бир мүнөт – бул убакыттын болгону кыска тилими. Бул убакытта маанилүү эч нерсеге бүткөрүүгө мүмкүн эмес. Баарыңар билгендей бир күндө 1440 мүнөт бар. Ал эми бир жылда 525 600 мүнөт бар. Эгерде бардык адамзатты ойлосок бир мүнөттө жашоодо толтура таң калыштуу окуяларга толуп турат. Мына дүйнөдө бир мүнөттө же 60 секундда эмнелер болууда?
Адам тууралуу фактылар.
1. Дүйнөдө бир мүнөттө 258 наристе төрөлөт.
2. Бир мүнөттө жүрөк 72 жолу кагат.
3. 113 бала кедей үй -бүлөдө төрөлөт.
4. 15 бала туубаса кемчилик менен төрөлөт.
5. Бир мүнөттө 107 киши өлөт,2 адам жол кырсыгынан каза болот.
6. Адамдын денесинден 300 миллион клетка өлөт.
7. 10 миллион тамеки тартылып,7 киши тамекиден каза болот.
8. Ааламдын эң бай адамы Билл Гейтс бир мүнөттө 15 000 доллар киреше табат.
9. Бир мүнөттө 116 адам үйлөнөт.
10. 144 адам жаңы үйгө көчүп киришет.
11. 9 адам ВИЧ/СПИД оорусуна чалдыгат.
12. Бир мүнөттө 34 адам рак оорусу менен ооруйт.
Дүйнөдөгү фактылар.
13. Бир мүнөттө 360 жолу чагылган түшөт.
14. Ааламда 5 жолу жер титирейт.
15. 2 468 177 килограмм таштанды чогулат.
16. Дүйнө боюнча 58 учак учуп жөнөйт.
Интернет маалыматтары
17. Google издөөдө 2 000 000 суроо берилет.
18. YouTube 72 сааттык видео жүктөлөт.
19. Интернет желесинде 571 жаңы сайт пайда болот.
21. Бир мүнөттө электрондук почтадан 204 000 000 билдирүү жөнөтүлөт.
22. Skype аркылуу дос,туугандар менен 1 400 000 мүнөт кетет.
23. Facebook социалдык тармагында 243 000 сүрөт жарыяланат.