Бир мыйзам өтүп, башка мыйзам өткөн жок. Алар кайсылар?

Автор

Жогорку Кеңеште укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартуу жана аларды каралаган материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоору өткөн жок. Эгер мыйзам колдоо тапса, күнөөкөрлөр 5000 сом айып пул төлөп, же, 5 күндөн 7 күнгө чейин камакка алынышы каралган.
Ал эми интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.
Мындан ары мазактоо же, жалаа жабууга байланышкан арыздарды ИИМ көзөмөлгө алат.
Эгер күнөөсү далилденсе, жарандарга 20 миң сом, жалган маалыматты жарыяланган медиаларга 65 миң сом айып салынат.
Аталган мыйзамдар боюнча маселелер бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралды.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия кубогу: Футбол боюнча жаштар курамасы даярдыгын баштады

Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы жаңы башкы машыктыруучу Сергий Пучковдун жетекчилиги астында Азия Кубогунун финалдык этабына даярдыктарды баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, U-20 жаштар курамасы 12-февралдан 1-мартка чейин Шэньчжэнь шаарында (Кытай) өтө турган континенталдык турнирде ойнойт. Кыргызстан курамасы Австралия, Кытай жана Катар курамалары менен бир тайпада жайгашкан. […]

Сизге жагышы мүмкүн