Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) кызматкерлери 1179 адамды кармады. Бул АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден бери мыйзамсыз мигранттарды кармоо боюнча рекорддук көрсөткүч болду.
Америкалык NBC News каналынын маалыматына ылайык, “мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо боюнча иш-чаралардын” алкагында кармалган 1179 адамдын ичинен болгону 613ү оор кылмыштарды жасаган. Калган адамдар АКШ чек арасын “мыйзамсыз” кесип өтүүдөн башка эч кандай тартип бузган эмес.