Бир жумада 400дөй мигрант депортацияланды

Автор

Санкт-Петербургдун соттору бир жуманын ичинде Россияда жүргөндө мыйзам бузган 400дөн ашык мигрантты депортациялоо чечимин чыгарды.
25-марттан бери Санкт-Петербургдун райондук сотуна 584 иш түшкөн. Анын ичинен 515и каралып, соттор тарабынан чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга жеткирилген 418 мыйзам бузуучуга айып пул салуу жана өлкөдөн чыгаруу чечими чыгарылды.
48 учурда мигранттарга Россиянын аймагынан өз алдынча чыгып кетүүгө буйрук берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖЭБди кытайлык адистер оңдойт

Бишкек жылуулук борборун (ЖЭБ) оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен жолугушуусунда белгилүү болду. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болду. «Жолугушууда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун […]

Сизге жагышы мүмкүн