Бир дагы коалиция же партия парламентте абсолюттук көпчүлүккө ээ боло алган жок

Автор

Солчул күчтөрдүн альянсы «Жаңы элдик фронт» парламенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Бул экинчи турдун жыйынтыгында белгилүү болду. Президенттин «Бирге» коалициясы экинчи орунду ээледи. Биринчи турда жеңишке жеткен Марин Ле Пендин «Улуттук биримдик» партиясы үчүнчү орунду ээледи.
«Жаңы элдик фронт» – 182 мандат;
«Бирге» – 168;
«Улуттук биримдик» – 143;
«Республикачылар» – 45.
Президент Эмманюэл Макрондун чечими менен анын коалициясы Европарламентке шайлоодо утулгандан кийин Францияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Биринчи тур 30-июнда, экинчи тур 7-июлда болду. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Франциянын премьер-министри Габриэль Атталь отставкага кетет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоону 8-июлдан тарта улантат.Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат. «Бүгүнкү күндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери Гоголь көчөсүнүн темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүүдө. Түтүктөрдү алмаштыруу иштерин улантуу үчүн 8-июлдан […]

Сизге жагышы мүмкүн