Алматыда 23-январдан бери 8 миңден ашуун жер титирөө катталса, анын 20сы гана байкалды. Шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ишендирүүдө.
“23-январдан бери биздин станциялар 8 миңден ашык жер титирөөнү каттады. Анын 20сы гана шаар тургундары жана коноктору үчүн сезилерлик болгон. Чочулоого эч кандай негиз жок”,-дейт Сейсмологиялык байкоолор жана изилдөөлөр улуттук илимий борборунун директору Даулет Сарсенбаев.