Мамлекеттик бажы кызматы быйыл июнь айында республикалык бюджетке 9,8 млрд. сом бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 106,1%га аткарылды, же 558,4 сомго ашыкча жыйналды.
“Бажылык түшүүлөр былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 млрд. сомго көбөйдү, же өсүү темпи 117,3%ды түздү”, – деп айтылат маалыматта.