Биринчи триллионерлер кимдер болору болжолдонду

Автор

Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болору, ишкер бул сумманы 2027-жылга чейин таба алары болжолдонууда. Мындай тыянакты эң бай адамдардын каржылык абалын көзөмөлдөгөн Informa Connect Academy компаниясынын аналитиктери чыгарышты.
Бул боюнча баяндамада акыркы жылдары Масктын байлыгы орточо 110 пайызга өсүп келгени жазылган. Америкалык ишкер дүйнөдөгү эң бай адам болуп саналат. Bloomberg анын байлыгын 237 миллиард доллар, ал эми Forbes 241,8 миллиард деп баалайт.
Серепчилер экинчи триллионер индиялык ишкер Гаутам Адани болорун, бул сумманы 2028-жылга чейин табарын билдиришти. Бул үчүн анын байлыгы жылына 123 пайыз өсүшү керек. Ошол эле жылы Nvidia компаниясынын башчысы Женсен Хуанг да триллионер болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандын президенти Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди. “10 жыл мурда бул оюндарды биринчи жолу кыргыз бир туугандар уюштурган. Бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бул улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөдөгү эң чоң мелдеш, көчмөндөрдүн олимпиадасы десек болот. Оюндар көчмөндөр цивилизациясын дүйнөлүк деңгээлде жайылтат”,-деди Токаев Астанада өтүп жаткан […]

Сизге жагышы мүмкүн