Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Автор

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованы үй-бүлө курушу менен куттуктады.
Спорттук уюм социалдык тармактагы баракчасына: “Жашооңдогу жаңы баракча кут болсун, Айсулуу Тыныбекова” деп жазды.
15-январда Айсулуу Тыныбекова менен Бакберген Аттокуровдун үлпөт тою Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2021-жылы Токиодогу Олимпиадасында күмүш байгеге, ал эми 2024-жылы Париж Олимпиадасында коло байгеге татыган.
United World Wrestling — олимпиадалык спорт түрлөрүнөн грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык федерация.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын төрагасынын орун басары Илон Маск менен жолукту

Кытай Эл Республикасынын төрагасынын орун басары Хань Чжэн америкалык ишкер Илон Маск менен Вашингтондо жолугушту. Хань Чжэн президент Дональд Трамптын инаугурациясына катышуу үчүн Вашингтонго келген. Хань Чжэн менен Масктын жолугушуусу 19-январда өткөн. Анда төраганын орун басары Пекин америкалык ишканалардын, анын ичинде Tesla компаниясынын Кытайдын сунуштаган мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатканына кубанычта экенин […]

You May Like