Билим берүү министрлиги мектептерде хиджабчан окуучулар боюнча үн катты

Автор

Айрым мектептерде оромолдорду (хиджабды) чечүүгө мажбурлап жаткандыгы боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстан – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп эсептелет.
Конституцияда эч ким туткан дини же башка абалы, жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги белгиленген. Ар бир адамга дин тутуу эркиндиги кепилденген», — деп жазылат билдирүүдө.
Министрлик жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптары бекитилгенин кошумчалаган.
Анда мектеп формасынын классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектигин бекитилген.
«Ал эми окуучулардын баш кийими боюнча талаптар бул жободо көрсөтүлгөн эмес. Министрлик социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган маалыматтарды териштирүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары менен комплекстүү иш алып барууда», — деп белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

U20: Кыргызстандык балбан Асан Жанышов дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан албан Асан Жанышов Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, сапарын 1/8 финалдан баштады. Ал Грузия, Швеция жана Румыниядан келген атаандаштарын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыгууну камсыздаган. Чечүүчү беттеште кыргызстандык азербайжандык […]

Сизге жагышы мүмкүн