Билим берүү министрлиги дагы 3.4 млрд сом кошумча каражат сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев “бул сумманы бере албайбыз. Бирок, кошумча каражат катары 600 млн сом бердик, калганын 2024-жылы караштырабыз”,-деди. Бирок, депутаттар билим берүүгө каражат аябайбыз дешти.